Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 23:57
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Кызыл-Кыя шаарында окуучуларга диний экстремизм жана анын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

11.11.2022 10:36
606
Кызыл-Кыя шаарында окуучуларга диний экстремизм жана анын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Кызыл-Кыя шаарында окуучуларга диний экстремизм менен терроризмди алдын алуунун жолдорун түшүндүрүштү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой, Кызыл-Кыя ШИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиянын Баткен облусундагы өкүлү Ч.Юсупов, Кызыл-Кыя шаарынын башкы имам-хатиби Н.Топчиев жана милициянын балдар иштери боюнча тескөөчүлөрү менен биргеликте Кызыл-Кыя шаарындагы мектеп окуучуларынын жана мугалимдердин катышуусунда семинар өткөрүштү.


Окуучуларга Кыргызстанда тыюу салынган диний-экстремисттик, террористтик уюмдардын ишмердүүлүгү жана алардын өзгөчөлүктөрү, интернет мейкиндигиндеги диний-экстремизмге жана терроризмге байланыштуу туура эмес маалыматтарды жайылтууда мыйзам тарабынан каралган жоопкерчиликтер, бул багыттарда ИИМ тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматтар берилди.


Бул өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын максаты жарандарга ислам дининин баалуулуктарын сактоо, диний кастыкты козутуучу чакырыктарга бөгөт коюу, интернет айдыңында диний экстремизмге жана терроризмге байланыштуу маалыматтардын жайылышына жол бербөө, улуттар аралык достукту, ынтымакты чыңдоо болуп саналат.   


        

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн