Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 05:43
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Кызыл-Кыяда 5 сойкуну үйүндө иштеткен аял кармалды

Кызыл-Кыяда 5 сойкуну үйүндө иштеткен аял кармалды

Кызыл-Кыя шаарында сойкукана иштеткен аял кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаардык ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери алдын ала түшкөн маалыматтын негизинде 2021-жылдын 4-август күнү Кызыл-Кыя шаарындагы өзү жашаган үйдүн мончосуна сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жайларды уюштургандыгы үчүн Кызыл-Кыя шаарынын 33 жаштагы тургунун кармады.


Бул аялдын турак үйүн текшерген учурда Ош, Кызыл-Кыя шаарынын 5 тургуну сойкулук менен алектенгендиги аныкталып кармалды.


Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБнин КЖБРне КР Жазык кодексинин 167-беренесинин («Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү») негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталды.


Кызыл-Кыя шаарынын 33 жаштагы тургуну убактылуу кармоо жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн