Теке 26, 2025
Убакыт: 20:02
USD
87.20
87.70
EUR
101.90
102.90
RUB
1.090
1.130

Кызыл-Кыяда батирлердин биринен 75 жаштагы адамдын денеси табылды

Кызыл-Кыяда батирлердин биринен 75 жаштагы адамдын денеси табылды

Кызыл-Кыя шаарында батирден 75 жаштагы жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-июнда түшкү саат 12:31де Кызыл-Кыя шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн батиринин эшигин ачып берүүгө жардам сурап кайрылышкан.


Жерине шаардык Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 6 куткаруучу аталган дарек боюнча саат 12:35те жетишип, саат 12:40та эшикти ачышкан.


"Үйдүн ичинен 75 жаштагы И.А. аттуу жарандын сөөгү табылып, жакындарына өткөрүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн