Кызыл-Кыя шаарында милициянын көчмө кабылдамасы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө бир кылмыштын бети ачты.Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.
Кызыл-Кыя шаарындагы “Таштемир-Ажы” борбордук базарында жана Караван айылында Кызыл-Кыя ШИИБдин милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга үй-бүлөлүк чыр-чатактардын алдын алуу, кылмыштуулукка жол бербөө, коомдук тартипти сактоо, маркумду жерге коюуда ысырапкерчиликке жол бербөө багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Милициянын көчмө кабылдамасына жергиликтүү тургундар тарабынан 4 оозеки кайрылуу катталып, 188-беренесинин (Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу) негизинде 2 протокол түзүлүп, 1 уурулуктун бети ачылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн