Бештин айы 10, 2023
Убакыт: 11:32
USD
89.30
89.72
EUR
96.00
97.00
RUB
0.965
0.985

Кочкордо Ормон хандын 230 жылдык мааракеси белгиленет

26.08.2023 10:34
623
Кочкордо Ормон хандын 230 жылдык мааракеси белгиленет


Жакында Кочкор районунда Ормон Хан Ниязбек уулунун 230 жылдык мааракеси белгиленет. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин өкүлү Алтынбек Эргешов мааракеге даярдык иштери менен таанышты.

"Учурда мааракени утурлай Кочкор районундагы Ормон Хан паркын реконструкциялоо, М.Садыков атындагы стадионду капиталдык ремонттон өткөрүү, Семиз-Бел айылына флагштог орнотуу жана туристтик айыл куруу, Ормон Хан Ниязбек уулунун эстелигин коюу жумуштары кызуу жүрүп жатат" , - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн