Бугу 15, 2024
Убакыт: 08:15
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кочкордо спорттук бут кийим чыгарган өндүрүш ишканасы ачылды

01.08.2023 09:33
620
Кочкордо спорттук бут кийим чыгарган өндүрүш ишканасы ачылды


Нарын облусунун Кочкор районунда "Жибек Жолу" бут кийим чыгаруучу жоопкерчилиги чектелген ишканасы ачылды. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Ишкана кытай инвесторлорунун жардамы менен ачылган, учурда 63 жумуш орду түзүлүп, 1 линия менен күнүнө 2 миң даана спорттук бут кийимдер тигилүүдө. Ишкана болжол менен бир айда 60 миң, бир жылда 720 миң жуп бут кийим өндүрө алат. Мында иштегендердин 17си кытай мастерлери болсо, калган 46 жумушчу жергиликтүү тургундар.

Ишкана Нарын Эркин экономикалык аймагынын субьектиси болуп эсептелет. Кытай инвестору Тцаонун айтымында, ишкананы ачууга 2 миллион доллар түз инвестиция салынат. Ремонт жана товар жүгүртүү иштерине 500 миң доллар жумшалары пландалган. Сырье Кытайдан алып келинип, Кыргызстанда тигилип, өндүрүлгөн продукция Россияга экспорттолот. Учурда 1 линия иштеп жатса, ушул жылдын аягына чейин 2-3-линиялар ишке кирип, жумуш орундарын 2-3 эсеге көбөйтүү планы бар.

Жумушчуларга күнүнө 1000 сомдон айлык маяна, мындан сырткары, тамак-аш берилет. Мамлекеттик салык кызматынын Кочкор райондук болүмүнүн башчысы Нурлан Абакиров билдиргендей, ишканадан айына болжол менен 150 миң сомдун тегерегинде киреше салыгы түшөт. Ошондой эле социалдык фондго төлөмдөр төлөнөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн