Бугу 04, 2024
Убакыт: 11:20
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Көк-Арт ашуусунда кар көчкү басып калган жарандарды издөөдө 53 куткаруучу, 8 атайын техника күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Көк-Арт ашуусунда кар көчкү басып калган жарандарды издөөдө 53 куткаруучу, 8 атайын техника күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Бүгүн, 21-февральда Жалал-Абадда кар көчкү басып калган 4 жаранды издөө иштери күчөтүлгөн тартипте уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Кар көчкүнүн астында калган 4 жаранды издөө иши ӨКМ тарабынан жеринде күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө.


Жалпысынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 53 куткаруучу, 3 кинолог иттер менен, атайын каражат менен темир издеген адам (металлоискатель) бар. Ошондой эле, 8 атайын техника тагыраагы, эксковатор, бульдозер, грейдер жана унаа жүктөгүч тартылган.  


Маалыматка ылайык, кардын жалпы көлөмү 1 млн метр кубду түзөт. Ага карабастан куткаруучулар бүгүнкү күндө 20-30 метрге чейинки тереңдиктеги карды казып, издөө ишин улантууда.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн