Алфред Бертранд деген Женевалык бай саякатчы (1856-1924) Бишкектин жаңы конушундай болгон гүлбак аянтын шаар бийлигине белек катары берип жатып: «Бул жер эл эс алган гүлбак болсун, үстүнө бир дагы имарат курбагыла!» деп мурас таштап кеткен экен. Азыр ал жер далай Женевалыктардын черин жазган жашыл парк. Мурасты улап, ошол бойдон үстүнө бир дагы курулуш түшкөн жок. Парк биз жашаган үйгө жакын болгон үчүн ал жерге дээрлик күндө барам. Окшош ой, окшош жол менен далай басам. Бир жолу кызык окуя болду. 2013-жыл. Ошондой окшош күндөрдүн бири паркта келатсам дал эле алдыман Майрам Акаева чыкса болобу. Ооба, кадимки, Кыргызстандын мурдагы биринчи ледиси Майрам Акаева. Болгондо да чукул чыкты.
- Эже, саламатсызбы? деп ийдим. Баягы азапты тарткан билет дегендей, алыстыктын да азабы кыйын эй, эл-жердин азабы кыйын. Эң башкысы кыргызды көргөнүмө сүйүнүп кеттим.
- Апэ-эй бул биздин жигиттерден го, - дей салды өзү дагы. Ошентти. Анан күлүп жибердик.
- Кел, мындай баскыча амандашып, сүйлөшөлүк, - деди. Кантип сүйлөшпөйм. Анан бирге басып жөнөдүк. Жанында баратып ойлонуп коем, тааңгөрү тагдырды карасаң деп, акырын ага көз кырымы салып, тээ бир кездеги дүңгүрөгөн Майрам Акаеваны элестетип.
- Мындан 15 жылдай мурда мобул көлмө жок болчу, - деди ал парк ортосундагы көлчөнү айтып. - Бермет 1993-жылы эле бул жакка келип жайгашып калган, ошол үчүн мен бул жерлерди жакшы билем, - деди. Көрсө, биз турган үйдөн бир көчөдөн кийин эле Бермет жашайт экен. Ошол үчүн алар дагы бул парк, бул чөлкөмдө көп жүрүшөт тура.
Ортобузда кеп абдан кызыды. Журналистсиң да. Сураш керек. Билиш керек. Кайра дагы сураш керек. Өтө көп кеп курдук. Кеп аягы эртеси анан түгөндү. Маектин жарымы чыкты. Жарымы чыккан жок. Көп мезгил өтүп кетиптир. Окуялар эскирет экен, фактылар маанисин жоготот экен. Бир кездеги керек нерсе кереги жокко айланат экен. Саясаттын кайсы жээги болсун дайыма айтышат: “Тарых баарын ордуна коет деп, баасын берет деп”. Бирок тарых жебесинин жылышы кызык. Ал ордуна коюп, ал баасын бергенче кимиси бар да кими жок. Бир гана башка-башка өлкөлөрдө, чоочун-чоочун калааларда, алыс-жакын көчөлөрдө, гүлбагы кең парктарда тагдырлар жашай берет экен. Кыргыз түстүү тагдырлар…
Майрам Акаева айтып берди: «Кайын энем, Асел апабыз тектүү жердин тукумунан болгон. Ал Карасай баатырдын урпагы, Узунагачтык казак кызы. Нурсултан Назарбаевдин эжелери болот... Ал сөзүн Нурсултан Абишевич президент болгондон кийин биздин апабызга учурашканы келип, ошондо өзү бышыктаган. Ошол келишинде Нурсултан Абишевич бизге дагы бир бир кызык окуясын айтып берген. Көрсө, анын эң алгачкы сүйүүсү Токмоктук кыргыз медик кызы болгон экен. А тургай экөөнүн сүйүүсү өтө ынак болуп баш кошмокчу болушуптур. Бирок кыздын атасы “Караганды деген жердин түбүнө сени кантип кетирем!” деп, катуу каршы чыгып кызын бербей коюшуптур...
Жеңишбек Эдигеев, журналист
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн