Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 22:39
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кокулов: Динара Кутманова кыргыз тилинде баяндама жасаган менен эч нерсени түшүндүрө алган жок

15.12.2022 11:05
713
Кокулов: Динара Кутманова кыргыз тилинде баяндама жасаган менен эч нерсени түшүндүрө алган жок

Бүгүн, 15-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек шаарындагы ыш маселеси каралууда.


Анда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова расмий тилде баяндама жасай баштаганда төрага Нурланбек Шакиев андан кыргыз тилинде баяндама жасашын талап кылды.


Динара Кутманованын баяндамасынан кийин депутат Эрулан Кокулов төраганын талабына макул эмес экенин билдирди.


"Урматтуу төрага, сиз жеке каалооңуз менен Динара Кутманованы кыргыз тилинде баяндама жасаттыңыз. Мен дагы кыргыз тилинде жасалышын колдойм. Бирок азыр Динара айымдын сөзүнүн 70 пайызы орусча, 30 пайызы кыргызча болду. Ошондо да эч нерсе түшүндүрө алган жок. Мына мен эч нерсе түшүнгөн жокмун",- деди депутат.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Райымбекова Чолпонай
Уят да ушул, эмне үчүн кыргыз кыргызча сүйлөй албайт?Эне тилин билбесе,кантип иштеп жатат?Кайсы жерде жашап жатат?
Ашимова
Бул аял пенсионер болсо кк. Жаштарды алып келгиле. Пенсионерлер же пенсия алсын же иштесин. Жаштар журот же пенсия жок же айлык жок же пособия жок. Уялбайсынарбы пенсионерлер орунду бошоткула да. Канча жаштар дипломду которуп иш жок журушот. Пенсияга чыктынбы сразу кеткиле да. Судуролуп аран басышат, анан ото жоопкерчиликтуу орунга отуруп алышат. Жашы ойдологон сайын адамдардын полномочиясын ылдыйлаткыла. Бизде карыган сайын дунуйо параз болуп кетебиз