Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:11
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кылмыштуу аракеттеринен баш тартты

27.06.2023 14:49
518
Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кылмыштуу аракеттеринен баш тартты


К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү М.Т.И. кылмыштуу аракеттерден баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан өлкөдө уюшкан кылмыштуулуктун алдын алуу, ачуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында ыкчам-издөө, анын ичинде профилактикалык мүнөздөгү иш-чаралары өткөрүлүп, анын жүрүшүндө кылмыш дүйнөсүндө “Точка” деген ат менен белгилүү болгон Б.А.нын (К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү) жергиликтүү кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, ИИМдин маалымат базасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган М.Т.И. кылмыштуу аракеттерден жана көрсөтүлгөн чөйрөдөгү адамдар менен баарлашуудан баш тартты.

Атайын кызмат өлкөдө кылмыштуулуктун өсүшүнө каршы туруу боюнча тиешелүү иш-чаралардын комплексин, профилактикалык мүнөздөгү чараларды улантууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн