Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 01:50
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Колдогунун баркын билбей, баалабай, көздөйм неге, самайм неге жаңысын?

11.01.2021 18:35
639
Колдогунун баркын билбей, баалабай,  көздөйм неге, самайм неге жаңысын?

 Жашап өткүм келет өзүм билгендей,

Бирок өмүр бир багыттуу, бир келмей.

Бүгүн турган ордум эртең бош калаар... 

Булак жерден чыгып, жерге сиңгендей.


Өткүм келет өйдө-төмөн өкчөлбөй.

Өмүр өткүн жылуусу жок көктөмдөй.

Өтөөр-кетээр өлчөмү жок көз ирмем,

Өрүк гүлүн ачып, кайра төккөндөй.


Көрүмсүз да, күңгүрт жана суз маган, 

Кырдаал кысып туш тарапты кыстаган.

Кайран өмүр.Кайран мезгил шарактап,

Кайнак суудай кайнап, кайра муздаган.


Эгер болсо бул жалганда баары чын,

Элес албай майнаптуусун-маңызын.

Колдогунун баркын билбей, баалабай,

Көздөйм неге, самайм неге жаңысын?


Жанга бүтүп пендечилик жөрөлгөм,

Жарык дүйнө бешигинде бөлөнгөм.

Келдим кайра, кетем ушул дүйнөдөн,

Келип кайра, кетүү үчүн төрөлгөм.


Нурлан Кимбилди

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн