Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 22:03
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Комитет Бишкекке 120 электробус алууну колдоду

23.05.2022 16:48
781
Комитет Бишкекке 120 электробус алууну колдоду

Бүгүн, 23-майда Жогорку Кеңештин тармактык комитети Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын Бишкек шаарындагы транспортту электрлештирүү боюнча макулдашуусун ратификациялоону колдоп берди.


Анын жалпы суммасы 59 млн. 550 миң доллар. Каражаттын 25 млн. доллары насыя, 25 млн. 650 миң доллары гранттык акча. 8,9 млн. доллар өкмөттөн бөлүнөт.


Насыянын мөөнөтү 32 жыл, жеңилдетилген мезгил сегиз жыл (1%), андан кийин 1,5% түзөт. Бул каражатка Бишкек шаарына 120 электробус алуу каралууда.


Кыргызстанда коомдук автоунаа маселеси орчундуу көйгөйлөрдүн бири. Тейлөөнүн сапатына жана транспорттун жетишсиздигине байланыштуу бир нече жолу нааразылык акциялары өткөн.


Мэрия Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташууга кеминде 1,5 миң автобус зарыл экенин белгилеп келет. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн