Бугу 09, 2024
Убакыт: 18:33
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Көмүрдүн баасын атайын жогорулаткандарга каршы мобилдик топ түзүлөт

12.11.2021 11:37
433
Көмүрдүн баасын атайын жогорулаткандарга каршы мобилдик топ түзүлөт

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Республикалык штабдын кезектеги жыйынын өткөрүп, жылытуу мезгилинин жүрүшү тууралуу маалыматты укту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.


Тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери жер-жерлерде жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар, атап айтканда, энергетика объектилерин, социалдык, бюджеттик тармактарды жана калкты отун менен камсыздоо, ошондой эле күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо боюнча маалымат беришти.


Акылбек Жапаров белгилегендей, Токтогул суу сактагычында суунун топтолушу жана отун менен камсыз кылууда пайда болгон кыйынчылыктарга карабастан, жылытуу мезгилин сапаттуу өткөрүү үчүн бардык маселелерди иштеп чыгуу зарыл.


«Негизги милдет – калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы жана отун менен камсыздоо. Учурда чиновниктердин шалаакылыгынан улам республиканын аймактары көмүр менен толук көлөмдө камсыз болбой жатат. Буга жол берилбеши керек, азыркы кырдаалды жөнгө салуу үчүн сиздерге эки жума убакыт берем. Мамлекеттик органдардын транспорттук мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялоо менен облустарга көмүр ташууну уюштуруңуздар, республиканын бардык аймактары көмүр менен 100% камсыздалсын. Көмүрдү өз убагында камдоо электр тармагындагы жүктөмдү азайтып, белгиленген лимиттерди сактоого шарт түзмөк. Биз ар кандай сценарийге даяр болушубуз керек», – деп белгиледи Акылбек Жапаров.


Ал ошондой эле аткарылган иштердин сапаты жана жылытуу мезгилин уюштуруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин жеке жоопкерчилигине басым жасап, кышка даярдык жаз айларында башталышы керектигин белгиледи

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн