Бугу 15, 2024
Убакыт: 10:23
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Контрабандалык товарлар унаа менен кошо конфискацияланат

04.11.2022 10:57
384
Контрабандалык товарлар унаа менен кошо конфискацияланат

Мамлекеттик салык кызматы КР президентинин 2022-жылдын 5-сентябрындагы Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өлкөнүн аймагына ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден эсепке алынбаган товарларды ташып келүүгө бөгөт коюу боюнча күчөтүлгөн иштерди жүргүзүүдө.


Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү уруксат берүүчү документтери (коштомо кагаз, ЭСФ, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз, салыктык каттоо жөнүндө маалымкат ж.б.) жок товарларды ташып келүү фактылары аныкталган учурда, товар жана аны ташып келген транспорт каражаты конфискацияланат (тартып алынат).


Ушуга байланыштуу Салык кызматы импорттоочу ишкерлерди товарларды ташып келүүдө Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргызстандын аймагына товарларды ташып келүү (импорттоо) боюнча КР мыйзамдарынын ченемдерин так сактоого чакырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн