Бугу 12, 2024
Убакыт: 21:59
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Коомдук унаалардын иштеп баштоосу күмөн саноолорду жаратууда, - Боронов

20.05.2020 16:49
942
Коомдук унаалардын иштеп баштоосу күмөн саноолорду жаратууда, - Боронов

 

Эртең, 21-майдан баштап экономикалык ишмердүүлүктүн бир катар багыттарын жандантуу ишкерлерден да, жарандык коомдон да социалдык жоопкерчиликти талап кылат, деп белгиледи биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында.

 

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, биринчи вице-премьер тармактык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары туруктуу негизде текшерүүлөрдү жүргүзүп, бардык санитардык эрежелерди аткарууну күчөтүлгөн көзөмөлгө алууга тийиш.

 

«Беткап тагынуу, аралыкты сактоо, санитайзерлерди орнотуу жана башка санитардык-эпидемиологиялык эрежелер коомдук жайларда бекем сакталышы керек. 21-майдан тартып экономикалык ишмердүүлүктүн бир катар түрлөрүнүн ишин жандантуу, андан соң коомдук унаалардын иштеп баштоосу белгилүү бир күмөн саноолорду жаратууда. Эң башкысы – ар бир жарандан санитардык ченемдерди катуу сактоо талап кылынат. Мындан өлкөдөгү кийинки эпидемиологиялык абал көз каранды. Санитардык эрежелер аткарылбаган шартта буга чейин көрүлгөн бардык чаралар жана жумшалган күч-аракеттер текке кетип, жетишкен жыйынтыктар жокко чыгат. Ошондуктан ар бир жооптуу адам санитардык талаптардын аткарылышын катуу көзөмөлдөөсү керек. Биринчи кезекте, кеп коомдук унаалар, соода борборлору жана коомдук тамактануу жайлары тууралуу болуп жатат», - деди Кубатбек Боронов. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн