Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 23:21
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Коопсуздук кеңеши Алымжан Козубаевди иштен алууну сунуш кылды

31.01.2020 10:25
727
Коопсуздук кеңеши Алымжан Козубаевди иштен алууну сунуш кылды


Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы мамлекеттик саясат стратегиясын ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобу,  Мамлекеттик каттоо кызматынын «Унаа» мамлекеттик мекемесинин ишмердүүлүгүн карады.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев белгилегендей, «Унаа» мамлекеттик мекемесиндеги коррупциялык системаны жокко чыгаруу боюнча иш-чаралардын жарымынан көбү, тактап айтканда  148 иш-чаранын 83ү аткарылган эмес. Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун практикасында мындай иштин жарымынан көбү аткарылбай калган (56%) учурлар болбоптур.

Муну менен бирге укук коргоо органдары тарабынан «Унаа» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине 2018-2019-жылдар аралыгында 100дөй кылмыш иштери козголуп, алар боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганы белгиленди.

«Унаа» ММ директору Алымжан Козубаев сотко чейинки өндүрүштүн өзүнчө материалдары боюнча өтүп жатат.

Жыйынтыгында мекеменин директору Алымжан Козубаевди ээлеген кызмат ордунан бошотуу тууралуу өкмөткө сунушталды.

Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун отурумунда каралган материалдар юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн