Бугу 14, 2024
Убакыт: 17:32
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынан фоторепортаж

19.06.2020 19:57
792
Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынан фоторепортаж


Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында бүгүн, 19-июнда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны чакан курамда бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда өттү.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөнүн учурдагы эпидемиологиялык кырдаалы жөнүндө маселе каралды.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова менен саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов республика аймагына коронавирус инфекциясынын андан ары жайылып кетүүсүнө жол бербөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен премьер-министр Кубатбек Боронов учурдагы кырдаал боюнча ой-пикирлери менен бөлүштү.

Сооронбай Жээнбеков өз баяндамасында кырдаалды көзөмөлдө кармап, анын курчушуна жол бербөө үчүн жергиликтүү бийликтин жоопкерчилиги чоңэкенин белгиледи.

Мындан сырткары, жарандарды жоопкерчиликке чакырып, алардын айрымдары чындыкка дал келбеген маалыматтарды таркатып, медиктердин күнү-түнү кылган эмгегин жокко чыгарып жатканын белгиледи.

Мамлекет башчысы өкмөт мүчөлөрү менен өкмөт Аппараты санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди бузуу менен сүрөткө түшүү фактысына өкүнүү менен көңүл бурду.

Президент медиктердин талаптарын бузгандардын баарына айып пулсалууну талап кылды.

Чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынтыгы менен бир катар чечимдер кабыл алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн