Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 23:50
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Көпчүлүккө салып, эл шайлаган депутаттарды укпай жатасыңар! Тазабек Икрамов Бакыт Төрөбаевди сынга алды

12.01.2022 11:02
1309
Көпчүлүккө салып, эл шайлаган депутаттарды укпай жатасыңар! Тазабек Икрамов Бакыт Төрөбаевди сынга алды

Бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында Жогорку Кеңештин вице-спикерлерин шайлоо маселеси талкууланууда.


Сузак шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов жалпы комитеттин төрагасы Бакыт Төрөбаевди Жогорку Кеңештин жыйынын адилетсиз алып барып жатканына нааразылыгын билдирди.


"Бакыт Эргешович, сизге ачык эле айтып коёюн сиз адилетсиз, акыйкатсыз алып барып жатасыз. Көпчүлүккө салып, эл шайлаган депутаттардын үнүн укпай туруп добуш берүүгө коюп жатасыз.


Силер буга чейин жең ичинен сүйлөшүп алып, эми ошону көпчүлүк менен өзүңөр каалагандай кылып өткөрүүгө аракет кылып жатасыңар. Бул кетиште Жогорку Кеңештин иши алдыга кетпейт",- деди Икрамов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн