Аяк оона 24, 2024
Убакыт: 03:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Кореядан келген дарыгерлер жарандарды акысыз кабыл алууда

18.07.2023 10:16
416
Кореядан келген дарыгерлер жарандарды акысыз кабыл алууда


17-18-июлда Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталда Кореядан келген дарыгерлер жарандарды акысыз кароодон өткөрүп, консультация беришүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарандарды акысыз кабыл алуу жана кеңеш берүү "СеулАсан" кайрымдуулук фондунун демилгеси менен КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулду. Учурда Улуттук госпиталдын базасында "СеулАсан" ооруканасынын (Түштүк Корея) дарыгерлери жарандарды кабыл алып, акысыз консультация беришүүдө.

"Каалоочулар ЛОР дарыгери, педиатр, кардиолог, окулист, гастроэнтеролог, терапевт, кардиолог, аллерголог, стоматолог жана башка адистерден кеңеш ала алышат", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, кабыл алуу Улуттук госпиталдын мобилдик клиникасынын имаратында жүргүзүлүп, кыргызстандык дарыгерлер кореядан келген адистер менен тажрыйба алмашуу максатында бирге иш алып барышууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн