Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 15:41
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Кореялык компания Кыргызстанга бейтаптарды калыбына келтирүүчү 20 даана жабдуу берет

08.07.2024 17:14
180
Кореялык компания Кыргызстанга бейтаптарды калыбына келтирүүчү 20 даана жабдуу берет


Бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев H-Robotics компаниясынын эл аралык бизнести өнүктүрүү боюнча директору Марина Ли менен жолугушту.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө кореялык компаниянын өкүлдөрү тарабынан ар кандай реабилитациялык программаларда, анын ичинде инсульттан, мээ жаракатынан жана кыймылдын бузулушун пайда кылган башка оорулардан кийин калыбына келтирүүдө колдонулуучу REBLESS жабдуусу менен тааныштырышты.

Белгилүү болгондой, H-Robotics компаниясынын өкүлдөрү Саламаттык сактоо министрлигине ушундай 20 комплект жабдуу берүү ниетин билдиришти. Ушуга байланыштуу жолугушуунун катышуучулары аны Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасында колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Министр Бейшеналиев H-Robotics компаниясына ыраазычылык билдирип, жабдыктар республиканын саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү реабилитациялык кызматтарга баалуу кошумча болорун белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн