Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Депутаттарга коргоо министрлигинин аскердик техникалары көрсөтүлдү (фото)

16.01.2023 19:07
296
Депутаттарга коргоо министрлигинин аскердик техникалары көрсөтүлдү (фото)


 Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети көчмө жыйын өткөрүп, аскердик бөлүктөрдө болушту. Алгачкы аскер бөлүктө комитет мүчөлөрү авиациялык техникалар менен таанышты. Андан соң экинчи аскердик бөлүктө курал-жарактар, аскердик техникалар жана аскердик-техникалык мүлктөр көрсөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.


Көчмө жыйын алкагында эл өкүлдөрү Коргоо министрлигинин 2022-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча маалымат берилди. Коргоо министри Бактыбек Бекболотов билдиргендей, өткөн жылы Куралдуу күчтөрдү даярдоо боюнча пландалган иш-чаралар толугу менен аткарылган. Тагыраагы, тактикалык, командалык-штабдык, мобилизациялык даярдыктар да өткөрүлгөн. Мындан тышкары, республикалык бюджеттен Куралдуу күчтөрдү чыңдоого, курал-жарактарды, ок-дарыларды алууга, ошондой эле аскердик техникаларды жаңылоого керектүү каражаттар бөлүнгөн.


Талкуу маалында депутаттар өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана Куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн даярдыгын чыңдоо, өлкөнүн коргонуу муктаждыктарын каржылоону көбөйтүү, заманбап курал-жарак жана техника менен жабдуу маселелерин көтөрүштү.


Ошондой эле аскер кызматкерлеринин социалдык көйгөйлөрүн чечүү, алардын укуктарын сактоо боюнча да маселелер айтылды.


Депутат Шайлообек Атазов аскер кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жана даярдыгын жакшыртуу зарылдыгына көңүл бурса, депутат Миргүл Темирбаева өлкөнүн түштүгүндөгү аймактык коргонуу күчтөрүн чыңдоо сунушун берип, Баткен облусуна аскер лицейин ачуу мүмкүнчүлүгү боюнча сурады.


Ал эми депутат Нуржигит Кадырбеков аскер кызматкерлерин руханий-адептик жактан өстүрүү маселесине токтолду. Мындан тышкары жыйында мобилизациялык-чакыруу резервинин натыйжалуу системасын түзүү маселелери талкууланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн