Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 20:45
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Көрктөндүрүү иштерин бузган жарандарга айып салынат

22.09.2021 15:23
800
Көрктөндүрүү иштерин бузган жарандарга айып салынат

Бишкек мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясынын тобу шаардын аймагынын санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.


Муниципалитеттин басма сөз кызмаы билдиргендей, чектеш аймакта тазалыкты жана тартипти сактабаганы үчүн Патрис Лумумба көчөсүнүн, Улан кичи районунун тургундарына, "Эра Констракшн "жана "Бакар Плюс" компаниясынын өкүлдөрүнө 3 миңден 13 миң сомго чейин айып пул салынды.


Ошондой эле "Мирбек Строй" компаниясы, "Елена" ательесинин ижарачысы жана шаар тургуну К.Мусапыров тиричилик таштандыларын башаламан таштагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылат. Алардын баарына 5 миң 500 сомдон 17 миң сомго чейин айып салынат.


"Чуйков көчөсү №138 дарегиндеги чиркөө курулуш таштандыларын таштагандыгы үчүн 23 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Алар күнөөсүн мойнуна алып, жеринде токтом чыгарышты", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн