Кыргызстанда бир жумада, 28-ноябрдан 4-декабрга чейин, COVID-19дун 13 жаңы учуру аныкталган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.
Алардын ичинен:
2 бейтап - ооруканага жаткырылган,
11и - амбулатордук дарыланууда.
27-ноябрдан 4-декабрга чейин тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада турат.
Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн