Бугу 14, 2024
Убакыт: 21:55
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Коронавирус аныкталган “Алайдын” футболчусу оорудан айыкты

08.07.2020 18:09
1140
Коронавирус аныкталган “Алайдын” футболчусу оорудан айыкты


Ош шаарынын “Алай”  клубунун оюнчуусу Элхан Темирбаев коронавирустан айыгып чыкты. Бул тууралуу футолчу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине билдирди.


“Оорудан сакайып чыктык. Кайталар алган анализден илдет табылган жок. Эми команда менен машыгууларды баштайбыз” – деди футболчу.


Белгилей кетсек, Элхан Темирбаев оорунун белгилери жокэкенин жана эч кандай дарылабаганын айткан.


Элхан Темирбаев 1995-жылы 2-ноябрда жарык дүйнөгө келген. Жарым коргоочу “Дордой”, “Абдыш-Ата”, “Илбирс”, “Нефтчи” командаларынын катарында ойногон. Быйыл 2020-жылы Ош шаарынын “Алай” клубу менен келишим түзгөн. Футболчу Кыргызстандын улуттук курама командасынын жаштар курамында да ойногон.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн