Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 06:25
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

“Алайдын” оюнчусунан коронавирус аныкталып, команда обсервацияга алынды

26.06.2020 11:16
1155
“Алайдын” оюнчусунан коронавирус аныкталып, команда обсервацияга алынды


Ош шаарынын “Алай”  клубунун футболчусу Эльхан Темирбаевден коронавирустун белгилери табылды. Бул тууралуу команданын басма сөз катчысы “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.


“Команда толук курамы менен COVID-19 инфекциясына анализ тапшырган. Анын жыйынтыгы менен Эльхан Темирбаевде коронавирустун белгилери бар экени аныкталды. Алдынкы күндөрү кайрадан тест алынып так билинет. Учурда “Алайдын” оюнчулары 14 күндүк обсервацияга алынып, Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадион 25-июндан 9-июлга чейин карантинге жабылды”, - деди маалымат катчы.


Ал эми команданын капитаны Одил Абдурахманов клубдашынын абалы жакшы экенин айтты.


“Эльханда оорунун белгилери болгон эмес. Команда менен тест тапшыргандан кийин, илдетке шек бар деп алып кетти. Машыгуулардын алдында санитардык эрежелерди толугу менен аткарып, күн сайын медициналык текшерүүдөн өтүп жатканбыз”, - деди Абдурахманов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн