10-күн
Швейцария. Ооруп аткандар – 8800, каза тапкандар – 90, бүгүнкү күнгө чет мамлекеттерден өлкөгө кире албай аткан жарандар - 17 000 киши.
Бул пандемия бүт дүйнө өлкөлөрүнөн экзамен алууда. Үн катпай, урушпай туруп, секин гана баасын берүүдө. Бул чоң сынак билет сууругандай өнүгүп атыр: ал бактыңанбы, даярдыктанбы, күчүңөнбү, эркиңенби, билимиңенби… аны көрө жатабыз. Бул пандемия ар бир өлкөдөн эле эмес ар бир үй-бүлөдөн экзамен алып жатат. Кай бирөөлөр жакынына кайгырып, безилдеп ооруканада жүрөт. Кай бирөөлөр ыңгайлуу, жыргал учур тура деп бүтө элек иштерин кылып, теледен кызык кино тиктеп үйдө олтурат. Бактыңанбы, эркиңенби, же түшүнүктөнбү – аны өзүң айланаңдан байкай бер.
“Ата, карачы, Беренис мамасы менен паркта жүрөт!!!” деди кечээ кичүү кызым классташын терезеден көрүп калып. Ошол замат шылтоо издедим. “Көрдүңбү, Беренис парктагы оюндарга асылып ойногон жок, болгону мамасы экөө жетелешип кетип баратат. Биз дагы анан апаң болуп бир азга чыгып басып келебиз, жарайбы!” Макул деп унчукпай калат. Балдар да көнүп калышты.
Европага келген кытай адиси айтып тур: “Бул темп менен силер дагы 2 жыл, биздикиндей тартип менен 2 ай!” деп. Бул прогноз Европаны жаакка чапкандай жанын кейитип, намысына тийип турат. Ошентсе да Европа “Чыгыштын акылынан Батыштын билими!!!” дегенчелик кылып, дале бир ишенип бир коюп ийинин куушуруп турганы. Анткени канчалык карантин дебесин кытайчалык тартипке караандай алышкан жок. Аңгыча цифралар минтип саат сайын өсүп атат. Анан айтты, ошол “чыгыштык”: “Дүйнө эли жок дегенде 4 жума баардык катышты 100 пайыз буушу керек, ансыз токтотуу кыйын!!!” деп. Көрсө, дүйнө ушунчалык чырмалышыппыз да, бири-бирибизге байланыппыз. Жер бети – кербен сарай экен да! Тарап кетиппиз. Кан сыяктуу жүгүрүп, айланып турат экенбиз да, азыркы заманда.
Ааламдашуу дегенибиз бизди чындап эле бир алаканга салып, аны “бир көз менен” карап турганга келип калган экенбиз. Эми, ошол ааламдашуунун б.а. америкалык глобалдаштыруунун бели корс этип сынып тур, так ушинтип, көз көрүнөө, көз алдыбызда. Ким кылды аны, ким сындырды?! Кайсы кудуреттүү кылды? Аны да жашай көрөлү… Ошентип бул ооруу – ар бир улутту өз жерине шапалаксыз кубалап турган кези. Ааламдашууну не кыласың, үйүңө бар, жериңе бар, бул жер ансыз да “тар” деп. Бул пандемия ар бир өлкөгө, ар бир ажолукка сөөмөй кезеп туру: ааламды коюп жериңди, элиңди кара, антпесе ач каласың деп! Айтор бул алааматтан соң дүйнө кеп жок, өзгөргөнү калды. Ылайым, көпчүлүк кыйындар болжогондой жакшы жагына болсун.
Женева. Мен жазып олтуранча бир кезде эшикте кыйкырык-сүрөөн башталды. Чоочуп кеттим. Бирок бул он күндөн берки жакшы жөрөлгө болчу. Он күндөн бери Женевада бул көрүнүш адатка айланды: күндө кечки саат 9 да элдин баары балконго чыгып, терезеге кол сунуп, апаат менен алп урушуп аткан медицина кызматкерлерине алкыш айтчу болушту. Ышкырышып, кыйкырышып, сурнай тартып: “Ырахма-ат силерге, ыраазыбыз! Дешип. Ырахма-ат! Ыраазыбыз!!!” дешип. Мен да чыгам. Кол чабам. Мына бизди ким сактайт!!! Мына жашоонун көз көрүнөө өзгөрүп атканы! Чиркөө менен мечиттен эмес жардамды, адамзат түз эле үйүнөн туруп ак халатчандардан күтүп атат жардамды, асман жаңырта мактап, ийилип, адарга таазим кылып тур! Мындан ары ар бир ак халатчандын руху жаңырат, буюрса айлыгы арбыйт, үйү жаңырат. Ошого аргасызбыз. Бүт дүйнө аргасыз.
Жеңишбек Эдигеев, Швейцариядагы кыргыз журналисти
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн