Чын курандын 13, 2025
Убакыт: 00:14
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Коронавирус боюнча дүйнөдөгү кырдаал оорлой баштады

09.06.2020 10:41
1090
Коронавирус боюнча дүйнөдөгү кырдаал оорлой баштады

Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Гебрейесус билдирди.


Анын айтымында, эпидемия ар кайсы өлкөлөрдө көп сандаган адамдарды өз кучагына алууда. 8-июнда вирус жуккан 136 миңден ашык учур катталды. Алардын 75%ы Түштүк жана Түндүк Америкада, ошондой эле Түштүк Азияда аныкталган.


Тедрос Адан африкалык өлкөлөрдө да коронавирус тездик менен тарап жаткандыгын билдирди.


Кошумчаласак, 9-июнга карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 23 учур аныкталып, жалпы сан 2055ке жетти деп билдирди өлкөбүздүн саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү брифингде.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн