COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын бешөөсү жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 19-майдагы онлайн брифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда стационарларда 331 бейтап жатат, алардын ичинен 5 адам реанимацияда.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавируска чалдыккан баш аягы 1243 адам бар, алар менен жалпы 6164 адам байланышта болгон.
Учурда өлкөдө жалпы 2153 адам обсервацияда жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн