23-майга карта COVID-19 вирусунун жаңы катталган 15 учурунун ону сырттан келгендер. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
“15 жаңы катталган учурдун ону сырттан келгендерден табылса, калганы оорулуулар менен байланышта болгондордун арасынан чыкты. Жүргүзгөн анализдин негизинде COVID-19 вирусу көпчүлүк учурда чет өлкөдөн келген жарандардан тастыкталып жатат”, - деди Үсөнбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн