15-февралда коррупцияга шектелип кармалган Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду башкармалыгынын мүчөсү Нурлан Мамытов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.
Мындай чечим кечээ жыйындын жүрүшүндө кабыл алынды. Тергөөчү баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч келтиргени белгиленди.
Эскерте кетсек, буга чейин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Мамытов камакка киргизилген. Ага КР Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча айып тагылып жаткан. Ал үстүбүздөгү жылдын 8-мартына чейин УКМКнын абагында кармалыш керек болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн