Бугу 12, 2024
Убакыт: 17:12
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кош бойлуу аялдар коронавируска каршы вакцина алса болобу?

Кош бойлуу аялдар коронавируска каршы вакцина алса болобу?

Вакцинацияланган кош бойлуу аялдарга COVID-19 оорусунун коркунучу аз. Бул тууралуу профессор Арсен Аскеров билдирди.


«Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча 118 миңден ашуун кош бойлуу аял эмдөөдөн өттү. Ар кайсы өлкөлөрдүн адистери эмдөөнүн пайдасы анын тобокелдигинен жогору деп эсептешет», - деди Кыргыз акушер-гинекологдор ассоциациясынын президенти, профессор Арсен Аскеров Республикалык штабдын пресс-борборунда өткөн брифинг учурунда.


Эпидемиологиялык кырдаал курчуп жаткандыгына байланыштуу, кош бойлуу аялдарга вакцинаны алуу сунушталат, бирок жеке макулдугу менен жана каршы көрсөтмөлөрү жок учурда, деп белгиди ал.


Кош бойлуулук учурунда COVID-19 ден-соолуктун начарлашына жана түйүлдүккө терс таасирин тийгизе тургандыгын белгилей кетүү керек. Төрөткө чейинки медициналык жардамдын кызматкерлери, вакцина алган кош бойлуу аялдарды өз убагында көзөмөлдөп жана кааланбаган терс кесепеттерге көз салып турушу керек.


Жаңы коронавирустук инфекция кош бойлуу аялдарда кош бойлуу эмес аялдарга салыштырмалуу кыйла оор түрүндө өтүшү мүмкүн. Эрте төрөлүү же түйүлдүктүн көтөрүлбөй калуу коркунучу жогорулайт.


Ошондуктан, БДССУ кош бойлуу аялдарга вакцинаны дарыгерден кеңеш алгандан кийин алууну сунуштайт.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн