Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгы тарабынан журналист Санрабия Сатыбалдиева 48 саатка кармалды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбук баракчасы аркылуу кабарлады.
"Санрабия Сатыбалдиева 48 саатка кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Дарыгер ага “боюнан түшүп калуу коркунучу бар” деп тыянак чыгарды. Оператор Калыс Ашырбеков да ИИМдин башкы тергөө башкармалыгында сурак берүүдө",-деп жазды укук коргоочу Азиза Абдирасулова .
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн