Бугу 16, 2024
Убакыт: 06:46
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Кошунасына тынчтык бербей, ызы-чуу кыла бергендер айыпка жыгылышы мүмкүн

06.12.2023 09:37
187
Кошунасына тынчтык бербей, ызы-чуу кыла бергендер айыпка жыгылышы мүмкүн


Кошунасына тынчтык бербей, ызы-чуу кыла бергендер айыпка жыгылат. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев сунуштап, коомдук талкууга койду.


Документте көп кабаттуу үйгө түнү менен адамдарды чакырып, чуру-чуу түшүп, музыка коюп, курулуш же оңдоо иштерин жасагандарга милиция чара көрө албай жатканы жазылган. Ал эми үйгө жанаша жайгашкан оюн-зоок жайлары, кафе, бар жана ресторандар тынчтык бербеген учурда Санэпид көзөмөл департаментине кайрылуу шарт. Бирок аларды түнкүсүн чакыруу мүмкүн эмес. Муну жүйө келтирген депутат аларды көзөмөлдөө укугун ИИМге өткөрүп берүүнү демилгеледи.


"Калктуу конуштарда же коомдук жайларда тынчтыкты сактоо эрежелерин бузуу жеке адамдарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом айып салуу менен жазаланат. Бирок мындай айып пул менен дагы көбү жазасыз калууда. Сунушталган редакцияда биринчи жолу жасалган укук бузуу үчүн айыпты азайтуу, эгер экинчи ирет катталса жоопкерчиликти белгилөө камтылды", — деп жазылат маалыматтык негиздемеде.


Мыйзам долбоору колдоо тапса кошунасынын тынчын алган жеке жактарга 2000, юридикалык тараптарга 10 миң сом айып салынат. Анда дагы токтобосо 10 жана 28 миң сомдук айыпка жыгылышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн