РФ президенти Владимир Путин космонавт Сергей Корсаковго Россия Баатыры наамын ыйгаруу боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ага, мындан тышкары, "Россия Федерациясынын учкуч-космонавты" ардактуу наамы тапшырылды.
"Эл аралык космостук станцияга узак мөөнөттүү учууну аткарууда көрсөткөн эрдиги жана баатырдыгы үчүн сыйланат", — деп айтылат жарлыкта.
Корсаков 1984-жылы Фрунзе (Бишкек) шаарында туулуп, №24 мектепте окуп кеткен. Ал өткөн жылдын апрелинде Кыргызстанга "Русский дом" менен калаа мэриясынын "Жылдыздарга жол Бишкектен башталат" аттуу фестивалга чакыруусу менен келген. Корсаков анда Садыр Жапаров менен да жолугушуп (видеодо ошол жолугушуунун учуру), президентке космоско алып барып келген Кыргызстандын желегин белек кылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн