Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 02:39
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Койго 100 сом, уй менен жылкыга 250 сом. Депутат Токторбаев малга салык төлөөнү сунуштады

03.11.2022 10:41
3954
Койго 100 сом, уй менен жылкыга 250 сом. Депутат Токторбаев малга салык төлөөнү сунуштады

Бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев майда малга, ири мүйүздүү мал жана жылкыга салык төлөөнү сунуштады.


Депутат мындай долбоор айыл өкмөттөрүн дотациядан чыгаруу үчүн сунушталууда.


"Биздин өлкөдө 452 айыл өкмөттүн 300дөн ашыгы дотацияда отурат. Аларды каржылоо үчүн өлкөнүн бюджетинен 1,5 миллиард сом каражат бөлүнөт.


Мындан улам биз айыл өкмөттөрүн дотациядан чыгаруу үчүн ири мүйүздүү малга 250 сом, жылкыга 250 сом жана койго 100 сомдон салык төлөөнү сунуштап жатабыз.

Муну менен малдан 1,5 миллиард сом салык түшөт.


Ошону менен айыл өкмөттөрү дотациядан чыгат ",- деди депутат.


Пикирлер (9)

Коопсуздук коду
Мага
Элден ала элек дагы эмненер калыды башка креше жок калыптырбы
Эрик
Жениш Токторбаев байке карапайым элден акча жасагандан уйалбайсынарбы? Качанкыга чейин карапайым элдин канын соросунар? Андан Коро жардам бергиле карапайым элдерге, чет олколордон Асыл-тукум малдарды алып келгенге. Хотя бы условия тузуп бергиле, элдер оздору алып келип алышат. Оозу кыйшык болсода байдын баласы суйлосун болбой!
Ыманкул Темирбаев
Малга салык салгандан коро, депутаттарды жоюш керек. Ошондо чыгым азаят. Ушуларга кеткен чыгымды айыл окмотторуно жумшаш керек.
Садырбаев Куланбек
90 депутаттын жылдык бюджети деле ошол суммага барат.