Баш оона 27, 2025
Убакыт: 09:41
USD
87.10
87.60
EUR
101.00
102.00
RUB
1.075
1.105

Көзү азиз балдар үчүн Брайл шрифти менен китептер басылып чыкты

07.09.2020 10:22
1276
Көзү азиз балдар үчүн Брайл шрифти менен китептер басылып чыкты


Бишкек жана Ош шаарындагы көзү азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын адистешкен мектеп-интернаттарына китептер басылып чыгарылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, жаңы окуу жылына карата мындагы билим алган 7-класстан баштап, 11-класска чейинки окуучулар үчүн Брайл шрифти менен 4 аталыштагы китеп басылып чыкты.


"Бишкек жана Ош шаарындагы көзү азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын адистешкен мектеп-интернатында жалпы 340 окуучу билим алат. Китептерди басып чыгууга каражаттар Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бөлүндү", - деп айтылат маалыматта. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн