Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кримтөбөл "Женгонун" издөөдө жүргөн адамы кармалды

Кримтөбөл "Женгонун"  издөөдө жүргөн адамы кармалды

Жалал-Абад облусунда Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрүнүн бири кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


  КР аймагындагы уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүүнүн алкагында, 2023-жылдын 10-февралында КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР ИИМ Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлгөн  ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Жалал-Абад облусунун аймагынан К.Досоновдун (криминалдык чөйрөдө «Дженго» деген кайманаты менен белгилүү) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрүнүн бири К.С. кармалды. Кармалган К.С. 1986-жылы туулган, КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде каралган кылмыштын негизинде 2022-жылдын июнь айынан бери издөөдө жүргөн. Кармалган жаран Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 


 Учурда К.С.тин башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.


 Тергөө иштери жүрүп жатат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн