Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 21:23
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Крытый режим, вор, Камчы Көлбаев. Нурлан Мотуев түрмөдөгү шарттар боюнча кеңири айтты

23.03.2021 12:45
3279
Крытый режим, вор, Камчы Көлбаев. Нурлан Мотуев түрмөдөгү шарттар боюнча кеңири айтты

ЖАМК системасына, башкача айтканда, түрмөгө түшүп калсаң, сенден эч ким сурабайт. Муну менен чогуу камайлыбы, же, тиги досуң менен бир камерада отурасынбы?,- деп. Сага бул жер бакча эмес да. Мисалы, мен 16 жыл мурда биринчи жолу СИЗОго түшүп калчуда, ошол кездеги премьер-министр Ф.Куловтун буйругу менен СИЗО-1деги эң мыкаачы бөлмө, номер 128-ге түшкөм. Кара-Кечени мен Жумгал элине таянып, 1жыл бербей, Бакиев-Кулов тандемин тоготпой койбодум беле. Ошого бийлик катуу арданып, ачынып калган. Мага Жумгалдан алы жетпей, Бишкекке келгенимде кармап алышкан спецназ менен. Баса , ушул эле спецназын Жумгалдан пачактап, кууп жибергенбиз. 


Ошентип, эң мыкаачы делген 128 камерага кирип бардым. Көрсө, бул жерде түрмөдө 30-40 жыл отуруп калган, тээ СССРден бери абактан башы чыкпай келаткан рецидивист, строгач, особист, крытник дегендер , көбүнчөсү орустар отурган экен. Мен кирип барганда эле, алар "Оо, угольный король ! Проходи . Присаживайся, чифирь или анашу будешь ?",- деп, болгон сыйын көрсөтө башташты. Көрсө, булар деле, гезит окуп, теле көрүшүп, жаңылыктардан артта эмес экен. Мен карапайым элге бекер көмүр таркатканым үчүн жакшы көрүп, сыйлашчу тура. Ошентип, бийликтин мени сындыруу планы өзү сынган.


Андан, көп өтпөй, Боб Рузиметов деген вордон кийинки эле экинчи киши келип мага тийишем деп менден оозго муштум жегенин азыр деле "Вести.кг" сайтынан таап окусаңар болот. Баса, ал кадимки Баяман Эркинбаевди атып өлтүрүп, түшкөн болчу. Ошентип, ал СИЗОдо  жыл отуруп кийин соттон акталып чыктым. Акталып чыккан адам катары, кийин удаа-удаа эки ирет президенттик шайлоого катыштым.

Экинчи жолу саясый туткун болуп түшкөнүмдө да көп эле ирээт "черныйлар" менен чогуу отурууга туура келди. Макул, СИЗО УКМКда террористтер менен отурупмун. Бирок, колония-поселениеде черныйлар менен, болгондо "общаковый", ворлордун жан-жөкөрлөрү менен табакташ болууга туура келди. Туруп да кете албайсың дасторкондон. "Обиженныйларды" гана жолотушпайт чогуу тамак ичүүгө. Мисалы, вор Батукаевдин баягы бунтунда чогуу жүргөн, анын "малолетка хлебашы" Чыңгыз менен чогуу отурдум. Спецназ сабап, майып кылып коюшуптур. Кийин, мен түрмө начальниги менен согушканым үчүн мени Атамбаевдин акмак системасы зонага бир жылга айдап ийгенин да жакшы билесиңер. Зонада терроризм менен түшкөн мусулмандарды өзүнчө кыйнап, жабык түрмө, "крытый" режимге камап коюшкан. 100 мусулман, "преступный мир" эрежелери менен жашабайбыз, Шариат, беш маал намаз менен отурабыз. Бирок, баары эле периште дегенден алысмын, бул жерде деле келесоолор жетиштүү. Менден 3 өзбек таяк жешкен. "Крытый режимге", зонага барып келгеним бир чети жакшы болду, мен бир гана Аллахтан коркуп, элдин баары корккон, саясатчылар налог төлөгөн вор Камчыдан коркпой чыгып келдим. Мисалы, ага Элмурза Сатыбалдиев, Нариман Түлеев жана башка көптөгөн саясатчылар миллиондогон акчаларды берип, жандарын аман алып калышкан.


Мунун баарын эмнеге жазып отурам? Башыңа мүшкүл түштүбү, мүңкүрөп калбай, "Кокуй, өлгөнү калдым, мени эзип атышат" -дебестен, башыңды бийик көтөрүп, тагдыр сыноолоруна сынбай, турмуш соккуларын эр көкүрөктүүлүк менен кабыл алсаңар. Абдан сабырдуу, чыдамкай дегендери "закрывашкага", "одиночная камерага" жашынып алышат да, жылдап отура беришет. А Атамбаев "гаддар" менен отурат. Өткөндөгү бир фотосу чыгып кетти го, 3 зектин жанында Ашакен коркконсуп турган фоточу. Ал балдар ким деп иликтесем, 47-де гад статусундагы ( демек, непорядочный) типтер экен.


Нурлан Мотуев, коомдук ишмер

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн