Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:53
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кубакы ашуусу бардык унаалар үчүн жабылды

19.10.2022 10:22
502
Кубакы ашуусу бардык унаалар үчүн жабылды

Нарындагы Кубакы ашуусунда аба ырайы турукташканга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда бардык унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.


Учурда Кубакы ашуусунун айланасындагы жолдордо жааган кардын калыңдыгынан бардык унаалардын кыймылына чектөө киргизилип, каттам Балыкчы шаары аркылуу уюштурулду. Ошондой эле Чүй облусунун Төө-Ашуу, Талас облусунун Өтмөк жана Жалал-Абад облусунун Ала-Бел ашуулары аркылуу каттамда оор жүк ташуучу транспорт каражаттарына дагы чектөөлөр алына элек.


Аталган ашууларда жолду тазалоого бардык керектүү техникалар тартылып, унаалардын коопсуз өтүүсү үчүн инерттүү материалдар төгүлүүдө.


“Жогоруда көрсөтүлгөн ашуулар аркылуу каттамдагы айдоочуларды унаанын дөңгөлөгүнө тагылчу чынжырды алып жүрүүгө, каршы тилкеге чыкпоого, тыгын болгон жерге атайын техниканын жүрүшүнө тоскоолдук кылбоого, жайкы дөңгөлөктөр менен жүрбөөгө жана унаалардын ортосунда 500 метр коопсуз аралыкты сактоого чакырабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн