Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:24
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кубанычбек Өмүралиев БУУнун Женевадагы башкы директору менен жолугушту

22.05.2023 08:35
306
Кубанычбек Өмүралиев БУУнун Женевадагы башкы директору менен жолугушту

Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев Женева шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы кеңсесинин башкы директору Татьяна Валовая жолукту. Бул тууралуу ТМУнун басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар эки уюмдун ортосундагы жүргүзүлүп жаткан кызматташтыкты талкуулашты.


Жолугушуу ошондой эле институционалдык кызматташтыкты кеңейтүүнүн мүмкүн болгон жолдорун изилдөөгө жана Женевада түрк маданиятын жайылтууга багытталган биргелешкен иш-чаралар боюнча пикир алмашууга мүмкүнчүлүк түздү.


Тараптар маданий дипломатияга жана эл аралык өз ара түшүнүшүүгө таасири чоң болгон Женева шаарында түрк маданиятын илгерилетүүгө кызыкдар экендиктерин билдирип, бул контекстте биргелешип иштөөгө болгон ниеттерин дагы бир жолу ырасташты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн