Бугу 19, 2024
Убакыт: 22:46
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кубатбек Боронов аэропорттогу текшерүү иши менен таанышты

18.03.2020 14:30
689
Кубатбек Боронов аэропорттогу текшерүү иши менен таанышты


Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов “Манас” эл аралык аэропортуна барып, чет өлкөлөрдөн келген кыргызстандыктарды  текшерүү иши кандай жүрүп жатканын жеринен текшерди.


Маалыматка ылайык, биринчи вице-премьер-министр Түркиядан келген жүргүнчүлөрдү текшерүү ишине байкоо салган. Чет өлкөдөн келген жарандарды аэропорттон эки ирет текшерип жатканы кабарланат.


Президенттин тапшырмасынын жана  Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин негизинде коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча бир катар чаралар көрүлүүдө. Учурда тармактык мамлекеттик органдар текшерүү жол-жобосун оптималдаштыруу боюнча биргелешкен иш аракеттерди жүргүзүп жатат, - деди Кубатбек Боронов.


Ошондой эле, биринчи вице-премьер-министр обсервациялык жайдын иши менен таанышты. Карантинге алынган аймакты тейлей турган кызматкерлер коопсуздук чараларын катуу сакташы керектигин эскертип, аларды коргоочу кийимдер жана атайын каражаттар менен жетиштүү көлөмдө камсыз кылуу боюнча тапшырма берген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн