Быйыл Кыргыз эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин 80 жылдыгына арналган бир катар иш-чаралар өттү. Анын “Муздак дубалдар” романы экинчи ирет басылып чыкты.
Жазуучу Бишкектен Алайдын Кердегей айылындагы үйүнө кетип калганына бир топ жыл болду. Ал коомчулук алдына көп чыкпай, соңку жылдары аз жазып калган. Жазуучу менен "Азаттыктын" кыскача маегин сунуштайбыз.
- Адам өзү бул дүйнөгө келгенде бир миссия менен келет деп көп айтасыз. Сиз өзүңүздүн миссияңызды жазуучулук деп эсептейсизби? Ойчул, философ деп да айтышат. Кимисине көбүрөөк жакынмын дейсиз?
- Мен ушундаймын деп айта албайм, менин оюмча, бул өтө чоң мактангандык болуп калат. Себеби мен аны билбейм. Бир гана жаш кезде, университетте окуп жүргөндө жазуучу болуу менин кыялым болчу. Анда башка миссиялар жөнүндө ойлогон эмесмин.
- Сиз буга чейин сценарист, актер, жазуучулукту аркаладыңыз. Бул деле өзүн-өзү таанууга кадам шилтеген жол эмеспи?
- Ар кандай кесипте жүргөнүм - жөн гана өзүмдүн турмуштук жолум болуп калды. Мен жөн эле башка түшкөндү көрдүм. Ушундай болуп жатса, ушуну көрөйүн дедим, мындай болсо, аны көрөйүн дедим. Менде акылдуу же атайын ушундай болоюн деген ой болгон жок да.
- Сиз Кыргыз эл жазуучусу наамын да кыйла кеч алдыңыз. Жыйындарды, мактоо сөздөрдү деле көп жактыра берчү эмес элеңиз. Өзүңүз кандай кабыл алдыңыз?
- Мага мындай нерселер таасир бербейт көп, мени ойлондурбайт. Мени мындай нерселер эч качан ойлондурган эмес. Акыркы мезгилдерде мени өзүмдү өзүм таануу гана ойлондурду. Өзүмдүн максатымдын алдында гана жооп берем. Кайгырам, кубаныч деген аз. Нааразы болуу өтө көп.
- Эмнеге көп кайгырасыз? Дүйнөдө болуп жаткан окуяларга кайгырасызбы?
- Мен өзүмдүн кемчиликтериме кайгырам да. Ошол кемчиликтер аябай көп болот экен. Ошону менен өзүңдүн каалаганыңа жетиш кыйын болот экен. Нааразы болом да көп кезде. Ошондуктан өзгөрүү кыйын болот экен деген сөздүн өзүндө эле бардыгы бар да. Ошонун өзү эле айтып турат.
- Дүйнөдөгү окуялардан кабарыңыз барбы? Маалыматтарды кайдан аласыз, телевизор көрөсүзбү?
- Мен телевизор көрбөйм, гезит окубайм. Орусча айтканда, чувствую. Демек, дүйнөдөгү чоң өзгөрүүлөр, кыйын абалдар адамдын өзгөрүүсүнө байланыштуу болот. Демек, адамдар өзгөрбөй жатат да. Адамдар ал тургай өзгөрүү жөнүндө ойлобойт, ал жөнүндө ойлоп кыйналбайт. Ошон үчүн дүйнөнүн абалы жаман. Ошон үчүн дүйнөдө астын-үстүн окуялар, ошон үчүн согуш-погуш, балээ-салээ көп. Ал түшүнүктүү да. Мунун баары адамдын өзгөрүшүнө байланыштуу да. Мен өтө кыйын болот дегеним да ошол. Дүйнөгө нааразы боло албайсың, дүйнөгө бооруң ооруйт, кайгырасың...
Кубатбек Жусубалиев 1941-жылы Алай районунун Кердегей айылында туулган. Алгачкы аңгемелери 1963-жылы жарыяланган. 1967-жылы "Күн автопортретин тартып бүтө элек", 1981-жылы "Толубай сынчы", 1990-жылы "Муздак дубалдар", 2003-жылы "Жети сөз жана Конфуций" китеби жарыкка чыкты. "Муздак дубалдар" китеби 2022-жылы толукталып, кайра басылып чыкты. 2019-жылы Кыргыз эл жазуучусу наамы ыйгарылган.
- Сизге окшоп өзгөрөм деген адамдар аз болушу мүмкүн да?
- Аз эмес, жок да...
- Бул дүйнөнүн өзгөрүшүн күтпө дегендикпи? Негизи эле дүйнөнү кандай келечек күтүп турат деп ойлойсуз?
- Дүйнөдө адам өзгөрбөсө, жакшы нерсе болбойт. Ошондуктан адам деген өзгөрүш керек. Мусулман болобу, христиан болобу же буддисттер болобу, кытай, орус, кыргыз болобу - өзгөрүш керек. Бардыгы өзгөрүүгө аракет кылбайт. Мен жаш кезде бир киши “көрбөйт деп ууру кылба, укпайт деп ушак сүйлөбө” десе, бул эмне деп таң калгам. Ушинтип көп айтат эле. Мен аны түшүндүм. Өзгөрүү деген алардын түшүнө дагы кирбейт. Өзгөрүү деген улуу сүйүүдө, улуу боорукердикте, улуу кайрымдуулукта, улуу мээримдикте болуш керек да. Ал жок болгондон кийин каяктагы өзгөрүү, каяктагы оңолуу? Адам кайгысы ушунда да.
Адам болгондон кийин өзгөрүш керек да. Өзгөрүү деле адамдын өзүнүн акылы, жүрөгү, баскан-турганы, жашоосуна жараша болот. Себеби, өзгөрүүнүн өзү өтө оор иш болгондон кийин аны түртөт. Адам сөзсүз өзгөчө жашоо, өзгөчө суроо, өзгөчө ойлоо, адамдарга өзгөчө мамиле кылуу ушундай нерселер жөнүндө көп ойлонууга туура келет. Түртөт да адамды. Жөндөн жөн адам өзгөрбөйт. Менимче, адамдын өзгөрүшү өтө кыйын болот экен. Адам аракет кылса, ошого жараша жашаса, ошондой чоң өзгөрүүлөргө дуушар болот. Бул адамдын өзүнүн тагдырына, ойлоосуна, жүрүшүнө, турушуна байланыштуу болот экен.
- Сиз ошон үчүн көпчүлүктөн алыс, тоо койнунда жашап жаткан жоксузбу?
- Тоо деген кыргыздын байыртан, байыртан берки жашаган жери да. Бул биздин каныбызда, жаныбызда бар да. Ошого ошол жакта жашайсың да.
- "Адам болуу деген эң кыйын экен, жараткандын бар экенин билдим, туйдум, сездим" дедиңиз. Муну кантип сездиңиз?
- Бул ар бир адамдын өзүнүн ойлоосуна, кыялына, изденишине байланыштуу нерсе. Анан мындай кылганда сезет экенсиң деген туура эмес.
- Тагдыр, бешенеге жазылган деген нерсе бар го. Ошону өзүнүн жүрүм-туруму менен өзгөртүп алса болот дегенге кандай карайсыз?
- Ошондой болот окшойт да. Себеби бешенеге жазылганды көрөсүң деп биздин кыргызда бекер айтылбайт экен. Кээ бири аябай кыйын турмуштарга туш болот. Көп сыноолорго туш болот экен. Ички жана сырткы сыноолорго...
- Туура он жыл мурда сиз менен маектешкенде 70 жаш жөн эле көз ирмем да дедиңиз эле. Бир топ жолугушууларда 80 жаш акылга толуп турган, коомго дагы көп нерсе бере турган курак деп айтышты. Сиз кандай баа бересиз?
- Бул деле көз ирмем да. Бул деле биз сүйлөшкөн бешенеге жазылат экен да. Негизинен адамдын өмүрү салыштырмалуу көз ирмем эле да.
- Кызыңыз Жамбы “атам күндөлүк жазат, жаңы романы чыгып калышы ыктамал” деп айткан эле. Эмне жөнүндө жазып жатасыз?
- Адамда биз жогоруда сүйлөшкөндөн башка улуу тема болбойт да. Ошол жөнүндө да...
- Сиз балык тууралуу притча айтып, өзүңүздү чалчыктагы балыкка окшоштурам деп айттыңыз. Балык чалчыктарды тазалап, бирок кайра эле ага аралашып кетип атат. Ал дүйнөгө ошол миссия менен келген сыяктуу, дүйнөнү өзгөртүш үчүн чалчыкты улам тазалап жатат. Эмнеге өзүңүздү ошол балыкка окшоштурасыз?
- Улуу тазалануу деген - кайра эле өзгөрүү. Эгер бул процесс жүрсө, адамдын ички жүрүшү менен тышкы жүрүшү бириксе, анан дүйнө өзгөрөт болуш керек. Балыктын феноменалдуу өзгөчө касиети бар турбайбы. Анын денеси чалчыктагы кирди соруп алат экен. Суу тазарганда, күндүн нуру түшкөн жерге, таза жерге барып уктайт экен.
- Сизди мезгилдин өзгөрүшүн алдын ала сезген жазуучу деп да айтышты. Мисалы, “Муздак дубалдарда” СССРдин тарашы ачык эле жазылганын чыгармаларыңызды талдаган окумуштуулар дагы белгилешти. “Үчүнчү көзү ачылыптыр” деп образдуу айтышкан сыяктуу алдыда боло турган окуяларды чыгармаларында айтып олуя, акындар чыккан. Адамда ошондой сезим-туюмдар болушу мүмкүнбү?
- Адам улуу тазаланганда ушундай абалга жетет болуш керек, жетет да... Анын үстүнө кыргызда “жалгыз таруу ботко болбойт” дейт. Жалгыз кишинин тазалануусу жанагындай чалчыкты тазалаган балыктай, күн нуруна уктагандай кеп да. Тазалануунун дагы улуу касиети болуш керек. Ошондо ал дагы азыркы оорулардай, сасык тумоодой эле башкаларга жугат болуш керек. Ошондо адамдар биригип отуруп, улуу тазалануу болот болуш керек.
- Ошондой бир мезгил келет деп ойлойсузбу?
- Антпесе кыйын да. Менимче, жугуштуу оорулардай эле тазалануу деле жугат болуш керек. Антпесе маңызы жок болуп калмак.
- Адам дайыма агып туруш керек, бир жерде туруп калса сасып кетет деген элеңиз. Агуу деле адамдын өзгөрүп туруусу да, туурабы?
- Тазалануу деген агуу деген сөз да. Бул жашоо да. Суу акпаса сасып, саз болуп калат. Агып туруш керек деген өзгөрүү деген сөз да. Эми буга кээ бир кишилер жетишкен да... Дүйнөдөгү кээ бир философтор, мурдагы замандарда, ушуга чейин жетишкен. Бир нерсеге жетүүгө болот, акканга болот. Мисалы, байыркы философу Гераклит, ушуга окшогон кишилер болгон да. Ошол айткан агат деп, ушуну айткан киши, демек, жеткен.
Булак: "Азаттык" үналгысы
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн