Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кулак-мурду кесилген аялдын окуясы. Милиционерлердин аракетинин мыйзамдуулугу текшерилет

Кулак-мурду кесилген аялдын окуясы. Милиционерлердин аракетинин мыйзамдуулугу текшерилет


Сокулук районундагы Селекция айылында болгон окуядан соң милиция кызматкерлеринин иш-аракеттеринин мыйзамдуулугу текшерилет, деп билдирет КР ИИМдин басма сөз кызматы.

Ведомстводон билдиришкендей, милиция үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын алдын алууга чоң көңүл бурат. Бул багытта үй-бүлөлөрдүн коопсуздугун камсыздоо жана үй шартында зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча бардык деңгээлде активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Селекция айылында болгон кылмышка өзгөчө көңүл бурулууда. Ички иштер министри Улан Ниязбеков бул ишти объективдүү жана ар тараптуу иликтөөнү камсыз кылуу үчүн жеке көзөмөлүнө алды.

Мындан тышкары, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин аракеттеринин мыйзамдуулугу ички иликтөө кызматы тарабынан кошумча текшерилүүдө.

"Мындай иш-чаралар жабырлануучуларга колдоо көрсөтүү, ошондой эле мындай окуяларды алдын алууга багытталган. Милиция үй-бүлөлүк зомбулукка каршы
күрөшүүдө, ар бир үй-бүлөнүн коопсуздугун камсыз кылууда коом жана башка уюмдар менен кызматташууга даяр", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, күн мурун милиция Чүй облусунун Сокулук районундагы Селекция айылында аялын бычактоого шектелген 39 жаштагы жаранды кармаган. Шектүү аялынын кулак-мурдун кесип салган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн