Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 00:14
USD
86.90
87.40
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Кулубаев: Быйыл кыргыз-тажик чек арасын чечүү боюнча сүйлөшүүлөр активдүү жүргүзүлөт

18.01.2023 14:51
332
Кулубаев: Быйыл кыргыз-тажик чек арасын чечүү боюнча сүйлөшүүлөр активдүү жүргүзүлөт

Тажикстан менен активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Мындай пикирин КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.


Анын айтымында, өткөн жылы, айрыкча сентябрь агрессиясынан кийин Тажикстан менен мамилелер солгундап кеткен.


"Биздин тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыттарыбыз болуп кошуна жана стратегиялык өнөктөш өлкөлөр менен дипломатиялык мамилелерди бекемдөө болуп саналат. Бул боюнча президентибиздин дагы тапшырмалары бар.


Баарыныздарга белгилүү болгондой былтыркы жылы, айрыкча сентябрь агрессиясынан кийин Тажикстан менен мамилебиз солгундап кеткен. Биз көптөгөн жабык сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Жыл соңунда кошуна өлкө менен болгон мамиле оң жакка  өзгөрө баштады. Жакында президент Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон телефон аркылуу дагы сүйлөштү.

Бул жылы мамилени бекемдөө боюнча активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз",- деди министр.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн