Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев "Борбордук Азия – Кытай" форматындагы тышкы иштер министрлеринин бешинчи жолугушуусуна катышат.
Ведомстводон маалымдашкандай, саясий иш-чара 1-декабрында Кытай Эл Республикасынын Чэнду шаарында өтөт.
Жолугушуунун жүрүшүндө аймактык кызматташуу жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы көп вектордуу өнөктөштүктү бекемдөө маселелери талкууланат.
Негизги темалардын бири 2025-жылы Казакстанда өтө турган "Борбордук Азия – Кытай" экинчи саммитине даярдыкты талкуулоо болмокчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн