Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 01:02
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Күнү-түнү көчөдө турган укук коргоо кызматкерлери дале айлыгын ала элек, - Масалиев

30.04.2020 16:17
1073
Күнү-түнү көчөдө турган укук коргоо кызматкерлери дале айлыгын ала элек, - Масалиев


Бюджетте акча бар туруп өзгөчө абалда күнү-түнү көчөдө турган укук коргоо кызматкерлери айлыгын ала элек. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңеште депутат Исхак Масалиев билдирди.


Анын айтымында атайын эсепте миллиардаган акчалар туруп, тартип сакчыларынын эмгек акысы берилбегени туура эмес.


"Атайын эсепке келип түшкөн каражаттар миллиардан ашты. Бүгүнкү күнгө чейин медицина тармагына бир аз акы төлөндү. Милицияга, көчөдө турган аскерлерге эч нерсе төлөнгөн жок. Акчаны кайсыл жака иштетип жатасыңар? Бир айдан бери милиция кызматкерлери, аскерлер күнү-түнү көчөдө турушат. Алар кошумча акыдан баш тартып жатат деп бекер айттыңыз, бала-чакасын багыш керек”, - деди Масалиев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн