Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 18:10
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Куралчан адамдар тарабынан уурдалды деген Максат Касенов боюнча ИИМ түшүндүрмө берди

02.10.2021 08:10
734
Куралчан адамдар тарабынан уурдалды деген Максат Касенов боюнча ИИМ түшүндүрмө берди

Активист Максат Касенов киши өлтүрүүгө аракет кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Социалдык тармактарда активист Максат Касеновду белгисиз адамдар кармап кеткендиги тууралуу маалымат чыккан. Буга карата ИИМ төмөнкүлөрдү билдирет.


Максат Касенов Жазык кодексинин 39-130-беренеси "адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен ИИМдин кызматкерлери тарабынан кармалган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ал Бишкекке тергөө органдарына жеткирилген.

Мындан тышкары, Каракол шаарындагы шектүүнүн үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында “Сайга” жана башка куралдар табылып алынган. Ошондой эле көрсөтүлгөн жарандын ушул сыяктуу башка кылмышка катыштыгы бардыгы аныкталууда.


Ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда ыкчам-иликтөө жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн