Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 05:54
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Курган фирманы айтчы, үйүңдүн кандай салынганын айтып берем...

27.02.2021 18:56
1210
Курган фирманы айтчы, үйүңдүн кандай салынганын айтып берем...


Курулушчулардын проблемасы толтура. Бирок алар курган үйлөрдө да кемчиликтер арбын. Баштан өткөн окуяны айтайын. Жети жыл мурда жаңы курулган он кабат үйгө кирдик. Газ 3 жылдан кийин кирди, жайында ысык суу болбойт, жалаң Аристон менен жуунабыз. Биз жашаган үйгө ысык суунун түтүгүн тартып келиш үчүн эле курулуш компаниясына ар бир үй ээси 25-30 миң сомдон өзүнчө төлөгөнбүз. Буга карабай ысык суу келбейт. Жашоочулар ТСЖ уюштуруп, ысык суу эмнеге болбой жатканын иликтеп көрдүк. Көрсө, тиги түтүктөн ысык суу биздин үйгө жеткиче эле муздагандыктан, бизге муздак суу эле келет экен. Шаардык кызмат ушинтип түшүндүрдү. Анан муздак суу үчүн ысык суунун акчасын төлөбөйлү деп, ысык суунун түтүгүн жайкысын буудуруп салдык. Бул бир проблема. Экинчи проблема, ар бир кожоюн үйлөрүн ремонт жасатканда ар кимиси өзү билгендей сантехника койдуруп, кабаттарда бири ачык, бири жабык түтүктөр болуп, ысык суу ошол себептен да келбейт дешти. Муну курулуш компаниясы башынан туура эмес жасаган. Ошентип биз ысык сууну жылуулук мезгили башталганда гана пайдаланабыз. Арадан беш жыл өткөндө үйдүн канализациясы астынан чирий баштады. ТСЖ төрагасы түтүктөр абдан жука, ичке коюлганын, бул стандартка туура келбесин айтып чыкты. Кудай жалгап үйдү салдырган киши биздин үйдө жашагандыктан, андан сурасак, "убагында сертификаты, лицензиясы бар фирмаларга буйрутма берип жасатканбыз, баары нормасында эле болчу, эми ал фирмаларды азыр таба албайм" деп койду. Көрсө, беш-алты подьезди бар чоң үйлөрдүн терезелерин бир фирма, сантехникасын башка фирма, эшиктерин дагы башка фирма, лестницалардагы аянттарды оңдоолорду башка фирма, чатырын башка фирма жаап, натыйжада ар кошкон жерде сапаттуу үй курулбайт экен. 


Курулуш фирмалары үйдү куруп, пайда көрүш үчүн ар бир үйдүн чарчы метрин 650-800 доллардан кем эмес сатышат, ал эми сапат жагы өксүп келет. Азыр курулуш фирмаларынын жарнамаларын байкасаңар, жалаң "парк жайгашкан тынч район, айланада бала бакчалар, мектептер, гипермаркеттер бар, үйдө паркинг, балдар аянты бар" дегенди гана айтышат. Аларды курулуш компаниясы салган эмес да, бирок ошолордун эсебинен салынган үйдүн мыкты экендигин көрсөтүп, кымбат баалап сатып жатышпайбы. 


Бир дагы курулуш компаниясынын "үйдүн сантехникасы момундай технология менен салынды, муздак суу таза келет, ысык суунун градусу баланчадан төмөн болбойт, квартиралардын ортосундагы акустика үчүн баланча материал пайдаланылды, үйгө жарык момундай жол менен берилет" деген сыяктуу жарнамаларын окуй элекмин. Парк, мектеп, дүкөндүн болгону жакшы дечи, бирок күнүмдүк тиричиликте адам үчүн ысык суу, таза муздак суу болгону эки-үч эсе баалуу деп ойлойм.


Аскер Сакыбаева, журналист 

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Жыпар
Туура айтасыз мындайларды токтотуу керек качанга чейин элди алдашат