Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 18:32
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Курманкул Зулушев: Эне тилге кыянат кылуу - улутка кыянат кылуу

23.09.2021 08:24
449
Курманкул Зулушев: Эне тилге кыянат кылуу - улутка кыянат кылуу

Кыргызстандын Башкы прокурору Курманкул Зулушев кыргызстандыктарды мамлекеттик тил күнү менен куттуктады. Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.


Төмөндө Башкы прокурордун куттуктоосу:


Урматтуу мекендештер!


     Улутту улут кылып турган үч тутка бар, алар ар бир улуттун тарыхы, каада-салты жана тили. Кыргыз тили — элибиздин башкы байлыгы, мамлекеттүүлүгүбүздүн белгиси, журттун ынтымагынын, биримдигинин, эгемендүүлүгүнүн негизи.

Тил жөнүндө сөз эң оболу улут жөнүндө сөз дегендик. Кайсы улут болбосун анын түбөлүктүүлүгү тилинде. Эне тилге кыянатчылык кылуу – демек, ал улутка кыянатчылык кылган менен тең катар бааланышы керек. Анткени, биз канчалык эне тилибиз тууралуу кеп кылбайлы, маселе тилде гана эмес, тил аркылуу улутту сактап калууда турат. А улуттун пайдубалы - биздин балдарыбыз болот. Ошондуктан биз балдарыбызды наристе кезинен «Мен Кыргызмын» «Мен кылым карыткан улуу элдин урпагымын» деп сыймыктануу менен айта тургандай тарбиялашыбыз керек. Анан улуттук тилди кайсы бир тар кызыкчылыктардан улам саясатка айлантуу, анын тегерегинде саясый чайкоочулукту жүргүзүү, өз эне тилибизге кылган чыккынчылык деп баалоо кажет. 


   Биз эне тилибизге ыңгайлуу чөйрөнү түзмөйүн аны өнүктүрө албайбыз. Тил саясаты бала бакчадан башталып мамлекеттик иш-кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү зарыл. Ошондуктан биз прокуратура системасына караштуу “Наристе” бакчабызды балдарыбыз эне тилинде тарыхыбызды, руханий маданиятыбызды, каада-салтыбызды таанып, Манастын духун сиңирип, комуздун күүсүн көкүрөгүнө түйүп чоңойсун деп мамлекеттик тилге өткөрдүк. Ошондой эле оңдоо-түзөө иштерин жүргүзүп, баардык шарттарды түзүү менен, келечекте мезгилдин баардык талабына жооп берген заманбап балдар бакчасына айлантууга аракет кылабыз. Бул биздин келечекке кошкон зор салымыбыз болот деп ойлойм. Анткени, жүрөгүндө эне тили, көкүрөгүндө комуздун күүсү ойногон балдардан эртеңки Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаков өңдүү чыгаан инсандар чыгарына бөркүмдөй ишенем. 


                     Кадырлуу кыргызстандыктар!


          Улуттук тилибиз - эчен кылымдар бою ата-бабаларыбыздан бизге жетип келген улуу дөөлөт. Демек, биздин милдет - аны кийинки муундарга калтыруу. Анткени, тил алдындагы жоопкерчилик жөнөкөй букарадан тартып, жогорку бийлик өкүлдөрүнө дейре бирдей. Адам өз тилин дилинде ыйык тутса, ал эч качан уңгу тилин чанып кете албайт. Ошондуктан тарыхы терең, түптүү элибиздин, уюткулуу улутубуздун тили кылымдарга, муундан муунга өтүп, түбөлүк сакталарына терең ишенем! 


 Мамлекеттик тил майрамыбыз кут болсун!

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн