Курманкул Зулушев алдыдагы президенттик шайлоодо кайсы талапкерлер фаворит экенин айтты. Бул тууралуу ал Координациялык кеңештин жыйынында билдирди.
Зулушев шайлоо таза өтөрүн айтты.
"Азыркы учурда Садыр Жапаров жана Адахан Мадумаров президенттик шайлоо алдында фаворит. Башка ысымдар атабай турайын. Үгүт кампаниясы учурунда бардык мыйзамдарды сактоого чакырам. Эгер үгүт учурунда кандайдыр бир админресурс байкалса ким экендигине карабай жазаланат. Мамлекеттик кызматкерлерди жана мугалимдерди кампанияга аралаштырбоо зарыл",- деди Башкы прокурор.
Пикирлер (7)